87.The Most High

  1. Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
  2. Ал\(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган
  3. Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган
  4. Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып
  5. андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот
  6. (О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
  7. Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет
  8. Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз
  9. Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын
  10. (Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат
  11. Шордуу адам болсо андан качат
  12. Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
  13. Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт
  14. Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти
  15. Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)
  16. Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар
  17. Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк
  18. Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
  19. Ибрахимдин жана Мусанын барактарында