84.The Splitting Open

  1. Күтүүсүздөн асман жарылды
  2. Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу
  3. Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп
  4. ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды
  5. Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу
  6. О,инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң
  7. Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе
  8. Өтө жеңил суралат
  9. Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет
  10. Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе
  11. (Өзүнө) өлүм чакырат
  12. Жана тозокко ташталат
  13. Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу
  14. Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү
  15. Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган
  16. Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип
  17. Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип
  18. Жана толгон кездеги (толун) айга ант ичип (айтамын)
  19. (О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер
  20. Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат
  21. Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт
  22. Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет
  23. Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллаһ эң жакшы билет
  24. (О, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер
  25. А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар