83.Defrauding

  1. Таразадан алдагандарга чоң азап болсун
  2. Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы
  3. Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет
  4. Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен
  5. Улуу Күн — Кыяматта
  6. Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат
  7. Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык
  8. (О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң
  9. Ал— жазылган китеп
  10. Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет
  11. Алар сурак күндү жалган дегендер
  12. Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет
  13. А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет
  14. Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган
  15. Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат
  16. Андан соң, алар тозокко ташталышат
  17. Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат
  18. Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда»
  19. (О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң
  20. (Ал) - жазылган китеп
  21. Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат
  22. Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде
  23. Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат
  24. Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң
  25. Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет
  26. Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын
  27. Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден»
  28. (Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак
  29. Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн
  30. (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан
  31. Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан
  32. Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан
  33. Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго
  34. Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт
  35. (жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат
  36. Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле