(Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип
(ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип
(Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип
(Аллаһтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип
(Аллаһ табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын)
Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт
Анынартынан кийинки Сур тартылат
Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп
Көздөрү жалдырап калат
(Каапырларга Кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы
чириген сөөк болуп калсак деле?!»
(Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»
Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу
Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат
Сага Мусанын кабары келди беле
Бир кезде Раббиси ага ыйык Туваа өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү
«Фираунга баргын! Ал чектен чыгып кетти
Жана ага (мындай) дегин: «Өзүндү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону
жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллаһка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»
(Муса) ага (Фираунга) чоң моожизаны (жыланга айланган аса таякты) көргөздү
Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты
Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды
жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен
«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди
Анан... Аллаһ аны дүйнөлүк (жазаа) жана Акыреттик азап менен жазалады
Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар
(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллаһ) жаратты
Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды
Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды
Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду
Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды
Тоолорду (бекем) орнотту
Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп
Качан чоң Кыямат келсе
Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш -аракеттерин эстейт
Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт
Кимде-ким чектен чыккан болсо
жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо
анын орду албетте, тозокто
Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса
анын орду албетте, Бейиште
(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат
Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың
Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү
Сен болгону андан (Кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң
Алар (Кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат