56.The Inevitable 1.The Opening 2.The Cow 3.The Family of Imraan 4.The Women 5.The Table 6.The Cattle 7.The Heights 8.The Spoils of War 9.The Repentance 10.Jonas 11.Hud 12.Joseph 13.The Thunder 14.Abraham 15.The Rock 16.The Bee 17.The Night Journey 18.The Cave 19.Mary 20.Taa-Haa 21.The Prophets 22.The Pilgrimage 23.The Believers 24.The Light 25.The Criterion 26.The Poets 27.The Ant 28.The Stories 29.The Spider 30.The Romans 31.Luqman 32.The Prostration 33.The Clans 34.Sheba 35.The Originator 36.Yaseen 37.Those drawn up in Ranks 38.The letter Saad 39.The Groups 40.The Forgiver 41.Explained in detail 42.Consultation 43.Ornaments of gold 44.The Smoke 45.Crouching 46.The Dunes 47.Muhammad 48.The Victory 49.The Inner Apartments 50.The letter Qaaf 51.The Winnowing Winds 52.The Mount 53.The Star 54.The Moon 55.The Beneficent 56.The Inevitable 57.The Iron 58.The Pleading Woman 59.The Exile 60.She that is to be examined 61.The Ranks 62.Friday 63.The Hypocrites 64.Mutual Disillusion 65.Divorce 66.The Prohibition 67.The Sovereignty 68.The Pen 69.The Reality 70.The Ascending Stairways 71.Noah 72.The Jinn 73.The Enshrouded One 74.The Cloaked One 75.The Resurrection 76.Man 77.The Emissaries 78.The Announcement 79.Those who drag forth 80.He frowned 81.The Overthrowing 82.The Cleaving 83.Defrauding 84.The Splitting Open 85.The Constellations 86.The Morning Star 87.The Most High 88.The Overwhelming 89.The Dawn 90.The City 91.The Sun 92.The Night 93.The Morning Hours 94.The Consolation 95.The Fig 96.The Clot 97.The Power, Fate 98.The Evidence 99.The Earthquake 100.The Chargers 101.The Calamity 102.Competition 103.The Declining Day, Epoch 104.The Traducer 105.The Elephant 106.Quraysh 107.Almsgiving 108.Abundance 109.The Disbelievers 110.Divine Support 111.The Palm Fibre 112.Sincerity 113.The Dawn 114.Mankind (Кыяматтык) окуя болгондо Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү Жер катуу силкинип, титирегенде Тоолор дагы талкаланып чаң-тозонго айланганда Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража) Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража) Алдыңкылар — алдыңкылар Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат (Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт) Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт) Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар (Седепте) жашынган бермет сыяктуу Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына (Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт) (Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында Мөмөлүү банан бактарында Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө (Шар) аккан суулар(дын боюн)да Көп мөмө-жемиштердин ичинде — Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык Биз аларды бикир* кылып жаратып Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук Оң тарап ээлери үчүн Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар Акыркылардан азыраак жамааттар Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража) Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө» Анын салкыны да жок, көркү да жок Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы Белгиленген күндүн убадасына чогултулат Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар «Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер Аны менен курсагыңарды толтуруп Үстүнөн кайнак суу ичесиңер Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!» Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул (О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып «Чынында биз зыянга баттык (Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин Бул өтө улук ант, эгер билсеңер Ал- Улук Кураан Сакталган-жашыруун Китепте Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип Тозокко ташталат Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак) Prev Next 1.The Opening 2.The Cow 3.The Family of Imraan 4.The Women 5.The Table 6.The Cattle 7.The Heights 8.The Spoils of War 9.The Repentance 10.Jonas 11.Hud 12.Joseph 13.The Thunder 14.Abraham 15.The Rock 16.The Bee 17.The Night Journey 18.The Cave 19.Mary 20.Taa-Haa 21.The Prophets 22.The Pilgrimage 23.The Believers 24.The Light 25.The Criterion 26.The Poets 27.The Ant 28.The Stories 29.The Spider 30.The Romans 31.Luqman 32.The Prostration 33.The Clans 34.Sheba 35.The Originator 36.Yaseen 37.Those drawn up in Ranks 38.The letter Saad 39.The Groups 40.The Forgiver 41.Explained in detail 42.Consultation 43.Ornaments of gold 44.The Smoke 45.Crouching 46.The Dunes 47.Muhammad 48.The Victory 49.The Inner Apartments 50.The letter Qaaf 51.The Winnowing Winds 52.The Mount 53.The Star 54.The Moon 55.The Beneficent 56.The Inevitable 57.The Iron 58.The Pleading Woman 59.The Exile 60.She that is to be examined 61.The Ranks 62.Friday 63.The Hypocrites 64.Mutual Disillusion 65.Divorce 66.The Prohibition 67.The Sovereignty 68.The Pen 69.The Reality 70.The Ascending Stairways 71.Noah 72.The Jinn 73.The Enshrouded One 74.The Cloaked One 75.The Resurrection 76.Man 77.The Emissaries 78.The Announcement 79.Those who drag forth 80.He frowned 81.The Overthrowing 82.The Cleaving 83.Defrauding 84.The Splitting Open 85.The Constellations 86.The Morning Star 87.The Most High 88.The Overwhelming 89.The Dawn 90.The City 91.The Sun 92.The Night 93.The Morning Hours 94.The Consolation 95.The Fig 96.The Clot 97.The Power, Fate 98.The Evidence 99.The Earthquake 100.The Chargers 101.The Calamity 102.Competition 103.The Declining Day, Epoch 104.The Traducer 105.The Elephant 106.Quraysh 107.Almsgiving 108.Abundance 109.The Disbelievers 110.Divine Support 111.The Palm Fibre 112.Sincerity 113.The Dawn 114.Mankind