Күн дагы, Ай дагы (Аллаһ койгон) эсеп менен (айланат)
Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат
(Аллаһ) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту
Таразада кыянат кылбагыла деп
Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла
Ал жерди калк-калайык? үчүн (мекен) кылды
Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар
Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар
Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты
Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты
Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал эки чыгыш менен эки батыштын? Раббиси
(О, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды
(Бирок), ортосунда (Аллаһ койгон) тосмо бар: өтүшпөйт
Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Алардан (Аллаһ) берметтерди, шуруларды чыгарат
Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү
Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу
Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк
Эми, (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө
Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
О, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз
Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
О, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар — кете бергиле. (Аллаһтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар
Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар
Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат
Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт
Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат)
Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Күнөөлүүлөр жалган деген тозок — ушул
Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат
(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет
(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Эки бак тең бутактуу.”
(Эй, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Экөөндө тең агып турган булактар
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
(Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки Бейиштин тең мөмөлөрү ийилген
(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар
(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу
Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Эки Бейиштен ылдыйраакта дагы эки Бейиш бар
Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Эки (күмүш) Бейиш тең жашыл түстө
Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Экөөндө тең атырылган булактар
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат
Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси — Раббиңдин ысымы таберик