43.Ornaments of gold
- Хаа. Мийм
- Ачык баяндоочу Китепке ант
- Силер (анын маанисине) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Кураан кылдык
- Ал (Кураан) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат)
- (Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Кураанды) багыттабай коймок белек
- Биз абалкы элдерге нечендеген пайгамбарларды (Кураан сыяктуу ыйык китептер менен) жибердик
- Аларга качан бир пайгамбар келсе, аны шылдыңдап күлүшкөн
- Анан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн
- Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллаһ) жараткан» дешет
- Ал силер үчүн жерди килем (сыяктуу) кылды жана Туура Жолдо жүрүшүңөр үчүн анда жолдорду жаратты
- Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар
- Жана Ал бардык жуптарды жаратты.! Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты
- (Мунун себеби:) алардын үстүнө минип, кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллаһ (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес
- Жана албетте, биз Раббибизге кайтып барабыз»- дешиңер үчүн
- Алар Аллаһка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллаһтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт
- (Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллаһ жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби
- Эгер алардан бирине Рахман үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет
- (Жана): «Эмне, кооздуктардын ичинде өстүрүлө турган, талашта (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзент бекен?!»-(дешет)
- Алар Рахмандын пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет
- Жана алар: «Эгер Рахман каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллаһтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар
- Же болбосо, Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,! Кураандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү
- Жок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин- ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз»-дешет
- Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун гана изине ээрчийбиз»-дешкен
- (Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», - дешти
- Анан... Биз алардан өч алдык. (Аллаһтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал
- Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм
- Мени жараткан Аллаһтын Өзү(нө гана сыйынамын). Ал мени Туура Жолго баштайт»- деди
- (Ибрахим) ал сөздү (ширк ибадатынан) кайтышса ажеп эмес (деп), (урпактарына) түбөлүк (мурас кылып) калтырды
- Мен аларды (Макка мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым
- Ал эми, качан аларга Акыйкат келгенде: «Бул — сыйкыр! Биз буга ишенбейбиз!»-дешти
- Жана айтышты: «Бул Кураан эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок»
- Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак
- Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз
- Үйлөрүнүн эшиктерин, жазданып (жөлөнүп) отурчу сөрүлөрүн
- Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (чылкый күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган
- Ким Рахмандын зикири — Кураандан жүз бурса, ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат
- Кийин шайтандар аларды (Туура) Жолдон тосушат жана алар өздөрүн Туура Жолдо деп ойлоп жүрө беришет
- Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын! арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» - дейт
- (Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (ширкиңер) пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар
- (О, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды Туура Жолго баштай аласыңбы
- Же Биз сени (алардан мурун Акырет сапарына) кетиребиз жана алардан (ошол жакта) өч алабыз
- Же болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет
- Сен Өзүңө вахий кылынган Кураанды бекем карма! Чынында, сен Туура Жолдун үстүндөсүң
- Жана бул (Кураан) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)!! Жакында сураласыңар
- Сенден мурун жиберген пайгамбарларыбыздан сурачы, Биз (элдерге) Рахмандан башка кудайлар(га сыйынууга уруксат) бердик бекен
- Биз Мусаны аят-моожизаларыбыз менен, Фираун жана анын элине жибердик. Ал «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын»-деди
- Аларга биздин аят-моожизаларды алып келгенде” алардын үстүнөн күлүштү
- Аларга көргөзгөн ар бир (азап-) моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура Жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык
- Жана алар (Мусага) айтышты: «О, сыйкырчы! (Аллаһ) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз Туура Жолго жүрөбүз»
- Качан Биз алардан азапты алып койсок, ошол замат (сөздөрүнөн) кайтып кетишти
- (Жана Фираун өз элине ) бийик добуш менен( мындай деди: «О, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы
- Мен мына бул (кекечтенип) араң сүйлөгөн төмөн адамдан (Мусадан) артык эмесминби?!»
- «Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)»
- Ал өз элин(ин акылын ушинтип) кордоду эле, эли дагы моюн сунду. Алар (түпкүлүгүндө) бузуку эл болгон
- Алар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик
- (Ошентип), аларды өтмүш-тарых жана кийинки муундар үчүн (ачуу) сабак кылдык
- Жана качан гана Марямдын уулу (Ыйса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт
- Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Ыйса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер
- Ал (Ыйса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) нээмат кылып берген кул(убуз). Биз аны Исрайил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз
- Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз
- Жана ал (Ыйса) — Кыяматтын белгиси.? Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура Жол —- ушул
- Шайтан силерди (Туура Жолдон) тосуп койбосун! Ал силерге анык душман
- Жана Ыйса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллаһ Таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула
- Чынында, менин да, силердин да Раббиңер — Аллаһ! Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул
- Анан (яхудий) жамааттар өз ара талашка түшүштү. Заалым адамдарга азаптуу Күндүн азабынын балээси болсун
- Алар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок
- Ал күнү достор бири-бирине душман болуп калышат.! Такыба кишилер гана андай болбойт
- «О, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»
- Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар
- «(О, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда Бейишке киргиле!»
- Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар
- Бул Бейиш... Аны силер (дүйнөдө) жасаган (сооптуу) амалыңар үчүн Аллаһтан мурас алдыңар
- Силер үчүн анда көп мөмө-жемиштер бар. Алардан (каалаганыңарча) жейсиңер
- (Ал эми) күнөөкөр адамдар тозок азабында түбөлүк калышат
- (Азап) алардан азайтылбайт жана алар анда (тозокто) үмүтсүз калуучулар
- Аларга Биз зулумдук кылбадык. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
- Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «О, Маалик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар
- Чынында, Биз силерге Акыйкатты алып келдик, бирок, көпчүлүгүңөр аны жаман көрүп жатасыңар»
- Же болбосо, (динге каршы) бир ишти эрежелештирет. Биз да (аларга каршы) эреже түзүп койгонбуз
- Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар
- Айт (о, Мухаммад): «Эгер Аллаһтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын
- (Бирок) Асмандар менен жердин жана Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»
- (Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин
- Ал (Аллаһ) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал -Билүүчү, Даанышман
- Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллаһ Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар
- Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллаһтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон! адамдар(та гана шапаат насип кылат)
- Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» - деп сурасаң, «Аллаһ», дешет. Дагы кайда баратасыңар
- Жана (Аллаһ пайгамбарынын): «О, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом»- деген сөзүн да билет
- Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар»-дегин