37.Those drawn up in Ranks
- Саптарткан периштелерге ант ичип
- (Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант ичип
- (Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант ичип (айтамын)
- Силердин кудайыңар чынында Жалгыз
- (Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси
- Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук
- Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык
- Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.? (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат
- (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар
- Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет)
- Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Чынында, Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз
- Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат
- Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт
- Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат
- Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет
- (Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби
- Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» - дешет
- Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер)
- Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»
- Жана: «О, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат)
- «Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»
- «Заалым (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула
- Аллаһтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла
- Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.! Алардан суралат
- «Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!»
- Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар
- (Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат
- (Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурла-гансыңар)»
- (Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар
- Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер
- Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз
- Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек»
- Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат
- Албетте, Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз
- (Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен
- Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу)
- Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган
- (О, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар
- Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар
- Ал эми Аллаһтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери
- Аларга белгиленген ырыскылар бар
- Мөмө-жемиштер.., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда
- Эң жакшы (нээматтуу) Бейиштерде
- (Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат)
- Аларга (Бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат
- Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу
- Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт
- Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң көз сулуулар бар
- Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу
- (Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт
- Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле
- Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы
- Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?»-деген. (Бейиши Адам шериктерине)
- «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди
- Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди)
- «Аллаһка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң
- Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын
- Биз өлбөптүрбүзбү
- Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык
- Албетте, бул чоң жеңиш
- Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»
- (О, адамдар!) ушул (Бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум? дарагы жакшыбы
- Биз аны заалымдарга азап болушу үчүн жараттык
- Ал-тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак
- Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт
- Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет
- Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет
- Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат
- Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллаһтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле
- Ошолордун изинен чуркап кетишти
- Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен
- Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек
- Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун
- Ал эми, Аллаһка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок
- (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«О, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз
- Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын!) чоң балээден куткардык
- Жана анын (кемеге чыккан) урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык
- Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык
- Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун
- Албетте, Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз
- Чынында, ал Биздин момун пенделерибизден болчу
- Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик
- Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (тавхидди кармаган пенделерден) эле
- Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди
- (Жана) атасы менен коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар
- Аллаһтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы
- Ааламдардын Раббиси (Аллаһ) жөнүндө кандай ойлойсуңар?» (Күндөрдүн биринде чоӊ элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал)
- Жылдыздарга бир карап алып
- «Мен ооруп турам»-деди
- Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти
- Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»
- Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» -деди
- Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду)
- (Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып)
- Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы
- Силерди да, силердин ишиңерди! да Аллаһ жараткан
- (Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла
- Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук
- (Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени Туура Жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды)
- «О, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!»
- Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик
- Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атаке,— деди ал-буюрулганды аткара бериңиз. Аллаһ кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз»
- Экөөсү (Аллаһтын амирине) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда
- «О, Ибрахим! — деп добуш кылдык —
- Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз»
- Чынында, бул анык сыноо болгон
- Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик
- Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык
- Ибрахимге (Аллаһтын) салам(ы) болсун
- Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз
- Чынында ал Биздин момун пенделерибизден болгон
- Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири
- Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылгаңн(дар) да чыкты
- Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык
- Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык
- Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту
- Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип
- Туура Жолго баштадык
- Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык
- Муса менен Харунга салам болсун
- Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз
- Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден
- Иляс! дагы элчи-пайгамбарлардан эле
- Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
- Эң мыкты Жаратуучуну (Аллаһты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы
- Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллаһ эле го?!»
- Бирок, коому ага моюн сунбады. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту
- Ал эми, Аллаһтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес)
- Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу) калтырдык
- Иляска (Аллаһтан) салам болсун
- Чынында, Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз
- Ал Биздин момун пенделерибиздин бири
- Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле
- Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш - балээсинен) куткарганбыз
- Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон)
- Анан Биз башкаларды кыйраттык
- (Эй, Макка мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөрго, эрте менен
- жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби
- Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири
- Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду
- Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды
- Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди
- Эгер ал Аллахты аруулаган пенделерден болбогондо
- Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек
- Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле
- Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук
- Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек
- Анан алар (тооба кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык
- (О, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү
- Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү
- Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет
- «Аллаһтын баласы бар». Алар — жеткен жалганчылар
- (Аллаһ) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы
- Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар
- (Аллаһтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби
- Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Кураандан башка ыйык китеп түштүбү)
- (Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор
- Алар Аллаһ менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет
- Аллаһ алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза
- Ал эми, Аллаһтын жакшы амал кылган пенделери (Аллаһты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт)
- (О, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы
- эч кимди адаштыра албайсыңар
- (Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар)
- (Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар
- Жана биз (Аллаһтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз
- Жана биз, чынында (Аллаһка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалган-чылыгы ашкереленет)
- Алар айтышат
- «Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо
- Биз деле мухлис (Аллаһтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз»
- Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат
- Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган
- «Чынында алар гана жардам берилген адамдар
- Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»
- Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур
- Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат
- Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы
- Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңдары жаман (караңгы) болуп калат
- Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур
- Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат
- Кудуреттүүлүк Ээси — Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза
- Пайгамбарларга салам болсун
- Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун