36.Yaseen
- Йа,Син
- Даанышман Кураанга ант
- Сенчынында, пайгамбарлардансың
- Туура Жол үстүндөгү
- (Кураан) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү
- коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле
- Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт
- Бизалардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан
- Бизалардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык
- Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби — айырмасы жок: ыйман келтиришпейт
- (О, Мухаммад!) Сен Зикирге (Кураан акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Рахмандан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллаһ тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер
- Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте! (алдын ала) эсептеп койгонбуз
- Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.”
- Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Чынында, биз силерге жиберилген элчилер болобуз»-дешти
- (Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»
- Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз
- Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат»
- (Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (каражолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди ташбараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»
- «Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бере-сиңерби)?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!»-дешти (пайгамбарлар)
- (Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «О, коомум! пайгамбарларды ээрчигиле
- Өздөрү Туура Жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!»-деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?»-деп кыйнаганда, мындай жооп берди)
- «Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар
- Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт
- (Эгер Аллаһтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын
- Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)
- айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе
- Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»
- Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз
- (Себеби:) Бир гана ач айкырык болду! Анан.., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты
- Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат
- Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт
- Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (Кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат
- Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги-өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат
- Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык
- Ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми
- Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллаһ — Аруу,Таза
- Аларга (дагы бир) белги — түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат
- (Дагы бир белги —) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул — Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы
- Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз
- Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.! Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт
- Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз
- Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик
- Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт
- (Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн
- Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт)
- Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат
- Эгер аларга: «Аллаһ ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла»-деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллаһ Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!»-дешет
- Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (Кыямат) качан келет?»
- Алар (эч нерседен бейкапар) өз ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.”
- (Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт
- Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат
- (Жана) айтышат: «О, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»
- Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат
- Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза аласыңар
- Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алек
- Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат
- Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар
- Алардын Ырайымдуу Раббиси тарабынан «Салам» деген сөз (айтылат)
- Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө
- О, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман
- Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул!» деп буюрбадым беле
- Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер
- Силерге убада кылынган тозок — ушул
- Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»
- Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет
- Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан Бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми
- Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат
- Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби
- Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Кураан
- Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү)
- Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик
- Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери бар
- Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллай эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)
- Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана
- («Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес!. (Бирок ошого карабай) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет)
- (О, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз
- Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди
- Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтирет
- Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет
- Ал силерге көк (жана ным) дарактан отун жасап берген.! Силер аны жагып жатасыңар
- Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи?? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү
- Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат
- Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллаһ (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайта-рыласыңар