26.The Poets
- Та. Син. Мим
- Булар анык Китеп аяттары
- (О, Мухаммад! Макка мушриктери) ыйманга келбегени үчүн балким, сен жаныңды алекетке салаарсың
- Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан моожиза түшүрө алабыз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат
- Аларга (мушриктерге) Рахман тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту
- Алар (Кураандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат
- Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык
- Мында (Аллаһтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат
- Чынында, сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу
- Жана (эстегин о, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Заалым коомдорго
- Фираундун коомуна баргын жана аларга: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы?» дегин»
- «О, Раббим, — деди (Муса), — алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун
- (Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн. (Ошондуктан агам) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер
- Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.? Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун»
- (Аллаһ) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин моожизаларды алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабаплар болуп) туруучубуз
- Баргыла дагы, «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз
- Исрайил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллаһтын элчилери Фираунга барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле..„)
- (Фираун мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (о, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го
- Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (египеттик букарабызды өлтүрүп) шүкүрсүз адамдардан болгонсуң!»
- (Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин)
- Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллаһ мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды
- Ал эми, сен мага колко кылган «камкордуктар» болсо, Исраил урпактарын кул кылып алганың себептүү болгон!»
- Фираун айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?»
- «Ал— асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса)
- (Фираун) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?»-деди (Мусаны шылдыңдап)
- (Муса): «Аллаһ силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди
- (Анда Фираун адамдарга) айкырды: «Чынында, силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!»
- (Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер»
- «(О, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди
- «Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?»-деди (Муса)
- «Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» -деди
- (Муса) аса-таягын таштады эле.., анык чоң жыланга айланып калды
- Колун (чөнтөгүнөн) сууруду эле көрүүчүлөрдүн көз алдында ап-апак (нурдуу) болуп калды
- «(О,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!»- деди (Фираун) тегеректеги адамдарына
- «Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?»
- (Сарай эли) айтышты: «Аны менен агасын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер
- Ал сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келсин»°
- Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту
- Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы
- Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек ажеп эмес!»
- Сыйкырчылар келип бүткөндө Фираунга: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти
- «Ооба — деди (Фираун) — анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар»
- Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла»
- Алар жиптерин аса-таяктарын таштап: «Фираундун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» -дешти
- Анан Муса дагы аса-таягын таштады эле... капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады
- (Бул Кудуреттүү Аллаһтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллаһка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)
- дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик
- Муса менен Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)»
- (Фираун ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын
- «(Мунун) зыяны жок — дешти сыйкырчылар — биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз
- Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз»
- Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» -деп вахий кылдык
- (Муса Исрайил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фираун шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди
- (Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар
- Биздин ачуубузга тийишти
- Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди
- Биз аларды (ушинтип) чыгардык, бак-бостондорунан, булактарынан
- (чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан
- Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исрайил урпактарына мурас кылып бердик
- (Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти
- Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» -дешти
- «Жок! — деди (Муса), — албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!»
- Анан Биз Мусага: «Аса-таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды
- Анан башкаларды (Фираун менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык
- Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык
- Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик
- Мында (Биздин кудуретибизге чоң) белги бар. Бирок көпчүлүк адамдар ыйман келтиришпеди
- Чынында, сенин Раббиң Бир Өзү гана Жеңүүчү, Ырайымдуу
- (О, Мухаммад) аларга (Кураандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер
- Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» -деди
- «Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» - дешти
- (Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы
- Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?»
- «Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти
- (Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү
- силер. Байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен)
- Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллаһ)
- Ал мени жаратты, анан Туура Жолго баштайт
- Жана Ал мени жедирет жана ичирет
- Оорусам, Өзү мага шыпаа берет
- Жана Ал менин жанымды алып (Кыяматта) мени кайра тирилтет
- Жана Кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын
- «О, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) салих адамдарга (пайгамбарларга) кошкун
- Жана мени(н ысымымды) акыркылардын ыраскөй тилдеринде (дубаларында) кылгын
- Жана мени Наим Бейишинин мураскорлорунан кылгын
- Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды
- (Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан жан бериле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!»
- Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт
- Бир гана, Аллаһка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын амалы гана пайда берет)
- Такыбалуу кишилерге Бейиш жакын келтирилди
- Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү
- Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды
- Аллаһты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!»
- Анан ага (тозокко) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар
- жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери
- Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти
- «Аллаһка ант, биз анык адашууда болуптурбуз
- Биз (о, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине тең-шерик кылыптырбыз
- Бизди күнөөкөр чоңдорубуз гана адаштырды
- Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды
- Жана бизге (пайда берүүчү эч бир) кадырман дос да жок
- Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана момундардан болуп калсак!»
- Албетте бул аяттарда сабак бар. Бирок адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
- Жана сенин Раббиң (о, Мухаммад), Бир Өзү гана Жеңүүчү, Боорукер
- Нухтун коому дагы пайгамбарларды! жалганчыга чыгарды
- Бир кезде аларга өз бурадарлары Нух (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
- Мен силер үчүн (Аллаһ тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун
- Эми, Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
- Мен даават кылганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши
- Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула!»
- «Сага ыйман келтиребизби?! Сага акылы төмөн, кедейлер гана ээрчигенго!»-дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар)
- (Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин
- Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет
- Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин
- Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн»
- «Эй, Нух! Эгер дааватыңды токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган манаптар)
- (Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды
- Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мен менен бирге болгон момундарды куткар!»
- Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык
- Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик
- Албетте, мында (Биздин кудуретибиздин) белги(си) бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйманга келбей коюшту
- Албетте, сенин Раббиң Кудуреттүү, Ырайымдуу.”
- Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди
- Бир кезде аларга өз бурадарлары Худ айтты: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
- Мен силер үчүн жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
- Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
- Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
- Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө оюн-эрмегиңердин белгисин! кура бересиңерби
- (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар
- Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, зулумдук менен көргөзөсүңөр
- Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
- Силерге өзүңөргө белгилүү нээмат-сыйлыктарды берген Аллаһтан корккула
- Ал силерге чарба малдар, перзенттер
- Бак-бостондор жана булактарды берди
- Мен силердин башыңарга Улук Күндүн (Кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун
- (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок
- Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден нээмат эмей эле) абалкылардын салты
- Жана биз (Кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз»
- (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
- Чынында, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттү, Ырайымдуу
- Самуд эли дагы пайгамбарларды! жалганчы кылды
- Бир кезде аларга өз бурадарлары Салих айтты: «(Аллаһтан) корксоңор болбойбу
- Мен силерге жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
- Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
- Мен дааватым үчүн силерден сооп-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
- Силер бул жердеги нээмат-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер
- Бактардын, булактардын ичинде
- Эгиндердин жана жагымдуу курмалардын ичинде
- (Эч нерсени ойлобой) шат-курсант абалда тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар
- Эми, Аллаһтан корккула жана менин айткандарымды аткаргыла
- Ысырапкорлордун сөзүнө (жолуна) моюн сунбагыла
- Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар»
- (Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың
- Өзүбүзгө окшогон эле адамсың! Эгер («мен-пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (моожиза) көргөзчү?»
- (Салих аларга Аллаһ таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силер үчүн моожиза. Эми, кудуктан кезек менен) силерге (бир күн), ага (да бир күн) белгилүү суу ичүү күнү болсун
- Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди Улук Күндүн азабы кармайт!»
- Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты
- Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү момун болушпады
- Албетте, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
- Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди
- Бир кезде аларга бурадарлары Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллаһтан) коркпойсуңарбы
- Мен силерге ишенимдүү пайгамбармын
- Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула.»
- Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
- (О, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектерге (жыныстык байланыш үчүн) келесиңерби
- Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!!!»
- «О, Лут! — дешти (каапырлар) — эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!»
- (Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем
- О, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!»
- Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык
- Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык
- Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык
- Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман
- Бул окуяда (кудуретибизге) белги(лер) бар. Бирок алардан көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады
- Чынында (О, Мухаммад), Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
- Калың бак-бостон элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
- Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллаһтан) коркпойсуңарбы
- Мен силерге анык пайгамбармын
- Эми Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула
- Мен силерден ал (дааватым) үчүн акы сураганым жок. Менин сыйлыгымды Ааламдардын Раббиси берет
- (О, коомум!) Өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула
- Туура тараза менен тарткыла
- Адамдардын нерселерин тонобогула!! Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө
- Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллаһтан корккула
- (Каапырлар) айтышты: «Сен (оо, Шуайб) сыйкырланып калгансың го
- Биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз ойлойбуз: Сен бизди алдап жатасың
- Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи
- (Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет
- Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады!? Бул Улук Күндүн азабы болчу
- Албетте мында чоң сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү момун болушпады
- Жана сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү Ырайымдуу
- Ал (Кураан) Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн
- Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди
- сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болушуң үчүн
- (Ал) анык араб тилинде (түшкөн)
- Албетте, ал абалкылардын ыйык Китептеринде да эскертилген
- Аны Исрайил урпактарынын (яхудийлердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу
- Эгер Биз аны араб эмес адамдардан кээ бирине түшүрсөк
- жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес
- Биз Кураанды күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө мына ушинтип (түшүнсө да, түшүнбөсө да «жалган» деп кежирлене бере турган кылып) жолдодук
- Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт
- Азап болсо аларга камырабай турганда, капыстан келет
- Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат
- Биздин азапты шаштырып жатышабы
- Айтчы (о, Мухаммад!) Эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак
- Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе
- ошол пайдалантырылган нерселердин аларга кереги тиймек эмес
- Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон
- (Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук
- Аны (Кураанды) жин-шайтандар түшүргөн эмес
- Аларга (Кураан түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени)
- Алар аны угуудан үзүп коюлган
- Аллаһка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың
- Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок-азабынан) коркут
- Өзүңө ээрчиген момундарды канатыңа калкала
- Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден тазамын» -дегин
- Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл
- Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт
- Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт)
- Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү
- (Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби
- Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт
- Алар (аны) угушат. Алардан көпчүлүгү жалганчылар
- Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт
- Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең
- Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат)
- Ыйман келтирип, салих амалдарды жасап, Аллаһты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, заалым (каапыр) адамдар жакында кайсы дарекке барышаарын билип алышат