22.The Pilgrimage
- О,адамдар! Раббиңерден корккула! Кыяматтын зилзаласы коркунучтуу нерсе
- Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллаһтын азабы катуу
- Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөрү илими жок болсо да Аллаһ жөнүндө талаша берет жана ар кайсы бейбаш шайтанга ээрчип кете берет
- Ага (шайтандын тагдырына): «Ким ушуну дос тутса (ээрчисе) аны адаштырып, тозок азабына баштап барат»- деп жазылып коюлган
- О,адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен кемелге жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт
- Бул (жараяндардын мааниси) Аллаһ — Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү
- Жана.., Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллаһ албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет
- Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллаһ жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же Туура Жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок
- Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллаһтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз
- (О, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллаһ пенделерге зулумдук кылуучу эмес
- Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллаһка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу
- (Аллаһка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллаһтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу
- Алар пайдасынан зыяны көбүрөөк «кудайларга» дуба кылышат.! (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос
- Аллаһ Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган момундарды албетте, түбүнөн дарыялар аккан Бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллаһ каалаган нерсесин жасайт
- Кимде-ким Аллаһ ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллаһтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).! Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен
- Биз аны (Кураанды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллаһ (аны менен) Өзү каалаган адамдарды Туура Жолго баштайт
- Чынында, Аллаһ Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудийлердин, сабиилердин,” христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллаһ ар бир нерсеге Күбө
- (О, Мухаммад!) Карачы, Аллаһка жер-асмандагылардын бардыгы: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап хак (адилет жаза) болду. Аллаһ кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллаһ каалаган нерсесин жасайт
- Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен момундар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.! Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат!? (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык)
- Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет
- Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар
- Ар качан Тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!»-(деп айтылат)
- Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллаһ (Таала) түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет. Алар бермет, жакут, маржандар (асыл таштар) менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот
- (Мунун себеби) Алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллаһтын) жолуна багытталган эле
- Каапыр болгондорго, Аллаһтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (момундарды) тоскондорго — Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек — жана ким анын ичинде зулум менен бузуктук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз
- Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Ысмайыл экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип, рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза-пакиза кармайсың
- Адамдарды ажы кылууга чакырасың. Сага алар жөө басып, тапталган! улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин
- (Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллаһтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла
- Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.” Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф? кылышсын
- Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнөн кээ бирөөлөрү) Ким Аллаһтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) — бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Кураанда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула
- Аллаһка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллаһка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн! жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу
- Ушундай. Ал эми, ким Аллаһтын нышан-белгилерин? (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе — бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан
- Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.? Кийин аларды (союу) адал болгон жай — Эски Үйдүн (Каабанын?) айланасы
- Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллаһ) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллаһтын ысымын зикир кылуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллаһ). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (О, Мухаммад), сен (Аллаһка) берилгендерге (Бейишти) сүйүнчүлө
- Алар ( Аллаһка берилген мусулмандар) качан Аллаһтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден ихсан-садака кылуучу адамдар
- (Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллаһтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллаһтын ысымын зикир кыла бергиле.! Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес
- Аллаһка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллаһты улуктап («Бисмилаахи Аллаһу Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык (ихсан) кылуучуларга (Бейиштен) кушкабар бер
- Аллаһ ыймандуу адамдарды коргойт. Албетте, Аллаһ ар бир кыянатчы, шүгүр кылбаган пенделерди сүйбөйт
- (Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (момун) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллаһ аларга жардам берүүгө кудуреттүү
- Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим — Аллаһ» деген сөздөрү үчүн гана (кууп) чыгарылган эле. Эгер Аллаһтын кээ бир (заалым) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллаһтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.? Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллаһ да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллаһ Кубаттуу, Кудуреттүү! (Кийинки аятта Аллайһ Таала Өз динине жардам берген адамдардын сыпаттарын баяндайт)
- Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллаһтын Колунда
- (О, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен
- Ибрахимдин, Луттун коомдору дагы (пайгамбарларын) жалганчыга чыгарышкан
- Мадян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин чанганым кандай болгон(ун бир көрсөң эле)
- Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар заалым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар
- (Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур болбойт, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болот
- (О, Мухаммад, мушриктер «Эгер чын пайгамбар болсоң, Раббиң бизге азап түшүрбөйбү, тезирээк» деп) сенден азапты шаштырып сурашат. Аллаһ убадасын бузбайт. (Сөзсүз азап келет.) Жана.., Сенин Раббиңдин алдындагы бир күн силер эсептеген жылдардын миң жылы сыяктуу
- Дагы нечендеген шаарларды(н элдерин) алар заалым болсо да, мөөнөтүн узартып койдум. Кийин (көп жашап, көп күнөө кылып, көбүрөөк азапка ылайык болгондо) гана кыйраттым. Кайтып келүү — Өзүмө
- Айткын: «О, адамдар! Мен чынында силерге анык эскертүүчүмүн
- Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар үчүн (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук ырыскы (Бейиш) бар!»
- Биздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар.., дал ошолор Тозок ээлери
- Сенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкоң(го аракеттенген). Анан Аллаһ шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
- Шайтан кошкон нерселер(ди Аллаһ) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, заалым (каапыр) адамдар түгөнгүс талаш-тартышта калышат
- Илимдүү адамдар, анын (Кураандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллаһ ушул сыноону жасады) Аллаһ ыйман келтирген адамдарды Туура Жолго баштоочу
- Каапырлар, өздөрүнө Саат (Кыямат) капыстан келип калганга чейин же Кыямат күндүн азабы келгенге чейин Кураандан шектене беришет
- Ал Күнү (бардык) мүлк Аллаһтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, салих амал кылгандар Нээмат Бейиштеринде болушат
- Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар
- Аллаһтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллаһ жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллаһ эң сонун ырыскыларды берет.! Албетте, Аллаһ эң мыкты ырыскы берүүчү
- Жана (Аллаһ) аларды өздөрүнө жаккан орундарга киргизет.” Аллаһ эң жакшы Билүүчү (жана пейили) Жумшак
- Ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллаһ ага жардам берет. Чынында Аллаһ өтө Кечиримдүү, Айкөл
- Ушул (Кудайыңар — Аллаһ ааламдардын өкүм-мыйзамын иреттүү башкарат:) Ал күндүзгө түндү киргизет, түнгө күндүздү киргизет. Аллаһ — Угуучу, Көрүүчү
- Анткени, Аллаһ — Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллаһ эң Бийик, эң Улук
- Көрбөйсүңбү, Аллаһ асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллаһ өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар
- Асмандарда жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллаһ бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган
- Көрбөйсүңбү, (о, Мухаммад), Аллаһ силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз уруксаты менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн.) Аллаһ адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер
- Ал силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз
- Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (О, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын!! Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, Туура Жол үстүндөсүң
- Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллаһ (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү
- Аллаһ Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат»
- (О, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллаһ асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.! Бул Аллаһка жеңил
- (Мушриктер) Аллаһтан башка, Аллаһ (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Заалымдарга (Аллаһ тарабынан) жардамчы жок
- Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал — Тозок! Аллаһ аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун
- Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллаһтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чиркейди да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чиркей алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, Аллаһтан башка кудайдан бир нерсе) тилегендер да алсыз, тилек багытталган («кудайлар») да алсыз
- Алар Аллаһты чындап баалай алышпады. Чынында Аллаһ өтө Кубатуу, Кудуреттүү
- Аллаһ периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллаһ - Угуучу, Көрүүчү
- Аллаһ алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллаһка кайтат
- О,ыйман келтирген адамдар! Өзүңөрдүн Раббиңерге рукуу, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшы иштерди жасагыла! (Ошондо) Жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер
- Аллаһтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (эч бир) тардык жасаган эмес. (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллаһ) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Кураанда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллаһка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы